Суу тартыштыгы жана сугат суунун жетишсиздиги. Глобалдык климаттын өзгөрүшү Борбор Азиянын коопсуздугуна канчалык деңгээлде коркунуч туудурат? Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбүдө Эл аралык аралдарды куткаруу фондунун уюштуруучу мамлекеттери башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Адистердин айтымында, аймактагы температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир топ тез көтөрүлүүдө. Бул мөңгүлөрдүн азайышына алып келет. Алардын көлөмү акыркы 50 жылда 30 пайызга кыскарган. 2050-жылга чейин аймактагы кургакчылык 5 миллионго жакын «климаттык» мигранттардын пайда болушуна түрткү болот. Маселелерди тез жана биргелик чечиш керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-Биздин мамлекеттер суу саясатын түзүүдө суу чектелген
жаратылыш ресурсу экенин эске алышы керек деп эсептейм. Анткени бүтүндөй
аймактын бакубаттуулугу жана туруктуу өнүгүүсү суудан түздөн-түз көз каранды.
Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу сууну максималдуу үнөмдөө маселеси
өтө актуалдуу. Бул биздин суу ресурстары боюнча кызматташуубуздун негизги
багыты боло алат.
Үчтүн айынын 1нен тарта фонддун төрагалыгы 3 жылга Казакстанга өтөт. Касым-Жомарт
Токаев уюмдун мындан аркы иши тууралуу ой бөлүштү. Иш-чаралар натыйжалуулукту
жогорулатууга жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө
негизделген.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
-Фонддун жетекчилигинин жана аткаруу комитетинин ыйгарым
укуктарын жана жоопкерчилигин кеңейтүү зарыл. Мамлекеттер аралык суу чарба
координациялык комиссиясын Суу-энергетика боюнча мамлекеттер аралык комиссия
кылып кайра түзүүнү сунуштайбыз. Бул чаралар Фонддун эффективдүүлүгүн
жогорулатат. Эл аралык аралдарды
куткаруу фондунун жумушчу органдарын уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда бирдей
бөлүштүрүү жана алардын кызматкерлерин Борбордук Азиянын бардык мамлекеттеринин
өкүлдөрүнүн ичинен түзүү маселесин бекемдөө зарыл.
Аймактагы өлкөлөрдүн суу маселеси боюнча кызматташтыгы өзүнүн
натыйжалуулугун буга чейин далилдеген. 30 жылдын ичинде Эл аралык фонд
трансчегаралык суу ресурстарын биргелешип пайдалануу, Арал деңизинин
бассейниндеги экологиялык көйгөйлөрдү чечүү маселелери боюнча аймактык
кызматташтыктын маанилүү институту болуп калды. Дүйшөмбүдөгү жолугушуунун жыйынтыгында
4 документке кол коюлуп, анын бири Эл аралык фонддун укуктук базасын
өркүндөтүүгө байланыштуу болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков