Астанада көчө театры жанры өнүгөт

Астанада жаңы маданий жанр пайда болот. Бул көчө театры деп аталган жаңы багыт. Бул максатта борборго 10 театр артисти, анын ичинде Польшанын, Орусиянын, Эстониянын жана Алматынын чыгармачылык жамааттары келет. Алар Астана күнүнө карата быйыл биринчи жолу уюштурулган “Театралдык Евразия” фестивалына катышты. Өлкөнүн борборунда театр жамааттары шаар тургундарына жана меймандарына чыгармачылык программаларын тартуулашты. Алардын арасында көчө театрларынын спектаклдери, ачык оюндар жана балдар үчүн интерактивдүү спектаклдер болду. Чет элдик артисттер бул жанрда көрүүчүлөрдүн бири да кайдыгер калбайт дешет.

 

Станислав Варкки, «Royal Giraffe» театрынын башчысы:


-Биз өнөр көрсөтүп жаткан көчө театрында бетме-бет баарлашуу эң негизгиси. Анткени артист үчүн көрүүчүлөрдүн түз көз карашы эң чоң белек. Бул театрдын декорациясы да, сахнасы да жок. Мындан тышкары, атайын эффекттер каралбайт. Бизге болгону артисттин көрүүчүлөр менен тил табыша алуусу керек. Казакстанда көрүүчүлөрдүн таза аудиториясы бар. Бул өзгөчөлүк башкаларга караганда жакшы сакталган.

 

Артисттер жана фестивалдын уюштуруучулары келечектеги пландары менен бөлүштү. Алар келерки жылы Астанада «Театр биржасын» ишке киргизишет. Бул өлкөдө жаңы таланттарды ачууга гана жардам бербестен, казак театрынын жаш режиссёрлорунун дүйнөлүк аренага чыгышына да салым кошмокчу.

 

Эльмира Щербакова, «Театралдык Евразия» фестивалынын мүдүрү:


-Биз бардыгына ыңгайлуу болгон жана бардык таланттарды өзүнө тарткан аянтчаны түзүүгө умтулабыз.  Мудүрлөр, көркөм жетекчилер келишин каалайбыз. Орусия, Франция сыяктуу өлкөлөрдөн режиссёрлорду тартабыз. Биз дүйнөгө таанымал адистерди тартууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Азыр сахна өзгөрүп келе жатат. Видеопроекторлорго чейин пайда болду. Ошол жаңы технологияларды өз  сахнабызда колдонобуз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков