Москвада Нургиса Тилендиевдин ырлары жаңырды. «Геликон-опера» музыкалык театрында композитордун 100 жылдыгына арналган кече өттү. «Алкисса» деп аталган концертте улуу обончунун чыгармаларын «Акжаан» камералык оркестри, «Алтынай» мамлекеттик элдик бий ансамбли тартуулады. Ошондой эле казакстандык сахна жылдыздары да даңазалуу күүчүнүн чыгармаларын аткарды. Бир гана Орусиянын борбору эмес, башка да аймактардан атайын келген коноктор улуттук өнөрдүн кудуретине таазим этти. Композиторго арналган иш-чаралар Орусиянын башка да аймактарында уланат. Ал эми Москвадагы концерттин алкагында Жамбыл Жабаев атындагы адабий-мемориалдык музейдин көргөзмөсү сунушталды.
Данияр Алиев, Алматы облусунун маданият, архив жана документация башкармасынын жетекчиси:
- СССРдин жана Казакстандын эл артисти, улуу композитор, таланттуу күүчү Нургиса Тилендиевдин мааракеси быйыл ЮНЕСКОнун алкагында белгиленип жатат. Алматы облусунун акимчилиги тарабынан ушул убакка чейин бир катар мамлекеттерде өткөрдүк, Кытай, Кыргызстан. Эми дагы бир чоң деңгээлде Орусиянын борбору Москвада чоң көлөмдө белгиленди.
Владимир Гвоздев, шаар тургуну:
- Мен Москвада он жылдан ашык жашайм. Бул концертке чакыруу алып, кубандым. Казактын улуттук обонун угуу мүмкүнчүлүгү буюрду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

