Казакстан
биринчи жолу Азиядагы эң ири параддардын бири – Чингайга катышты. «Астана
Опера» театрынын артисттери улуттук искусствону көрсөтүү үчүн Сингапурга
барышты. Бул үчүн вокалдык да, хореографиялык номерлерди да айкалыштырган
уникалдуу программа даярдалган. Айта кетсек, жыл сайын өтүүчү көчө костюмдары жүрүшү Кытай жаңы жылын
майрамдоонун алкагында өткөрүлөт. Быйыл ал Сингапурдун эгемендүүлүгүнүн 60 жылдыгына
арналды. Артисттердин өнөр көрсөтүүсү Казакстандын аталган өлкөдөгү
дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен өттү. Алардын
катышуусу казак маданиятын дүйнөгө таанытуудан кабар берет дешет адистер. Белгилей кетсек,
жарым кылымдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жаткан укмуштуудай парадга
дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген актерлор, музыканттар, бийчилер жана башка
чыгармачыл топтор катышат.
Жанар
Абдрахманова, Астана Опера театрынын артисти, долбоордун жетекчиси:
- Көп
айга созулган сүйлөшүүлөрдөн, сингапурдук тарап менен онлайн жолугушуулардан
кийин биздин номерлер бекитилип, Чингайдагы парадга катыша турган өлкөлөрдүн
тизмесине кирдик. Бул жерге «Астана Опера» театрынын таланттуу артисттери менен
келгенбиз. Мен Астана Опера театрындагы кесиптештерим менен бирге Казакстандын
атынан Чингайдагы парадга катышканыма абдан кубандым.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

