«Коркут Ата» Түрк дүйнөсүнүн кинофестивали

«Коркут Ата» Түрк дүйнөсүнүн кинофестивали

Актауда Түрк дүйнөсүнүн «Коркут ата» кинофестивалы жыйынтыкталды. Салттуу сынактын программасына 50гө жакын фильм көрсөтүлдү. Документалдуу кино категориясында казакстандык «Токаштар» тасмасы, ал эми кыргызстандык «Кара. Кызыл. Сары» эмгеги көркөм фильмдер арасында мыкты деп табылды. Атамекендик «Жоктоо» фильминин автору Аруан Анарбай мыкты режиссёр деп таанылды. «Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн» TURKSOY сыйлыгы казакстандык актриса Самал Еслямовага ыйгарылды. Эскерте кетсек, бул жолу фестиваль өзүнө Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын улуттук кино уюмдарын бириктирди. Ошондой эле, быйыл биринчи жолу Мажарстандын өкүлдөрү келди.

Нуртас Сали, Маңгыстау облусунун маданият, тилдерди өнүктүрүү жана архив иштери башкармасынын жетекчиси:

- Коркут Ата фестивалы жалпысынан 5-жолу өткөрүлүп жатат. Буга чейин түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталган шаарларда бул сынак өтүп келген. Актаунун кезеги быйыл келип отурат жана Маңгыстауда жалпысынан биринчи жолу кинофестиваль өтүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков