Чүкө чогулткан актөбелик коллекционер Казакстан рекорддор китебине кирди

Чүкө чогулткан актөбелик коллекционер Казакстан рекорддор китебине кирди

Чүкө чогулткан актөбелик коллекционер Казакстандын рекорддор китебине кирди. Ерболат Куанышевдин коллекциясында учурда 3,5 миңге жакын чүкө бар. Ал сөөктөрдү тазалоонун ыкмасын мыкты өздөштүргөн. Эми алар ыцгайлуу жабдылган цехте келүүчүлөргө арнап көргөзмө жасап койгон.  Ичинде койдун чүкөсү менен томпой чүкөсү бар. Жилик, кабырга сыяктуу сөөктөн жасалган буюмдар да көргөзмөгө коюлган. Хобби катары башталган иш азыр чоң жумушка айланды. Бул аркылуу улуттук оюнду жайылтууга салым кошкусу келет. Белгилей кетсек, мындан 8 жыл мурун чүкө атуу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. 

Ерболат Куанышев, Актөбе шаарынын тургуну: 

- Чүкөлөрдү 13 жылдан бери чогултуп келем. Бул чоң эмгек. Аларды жакшы сакташ үчүн казанга салып кайнатам. Анан тазалап кургатам. Бул чүкөлөрдөн бийиктиги 1,5 метр, узундугу 2 метр келген чоң чүкө жасоону пландап жатам. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков