Мамлекет башчы
Эр-Риядда өткөн химия боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады.
Касым-Жомарт Токаев Telegram социалдык тармагында улуттук курама үчүнчү жыл
катары менен бул абройлуу турнирде жогорку көрсөткүчтөргө жетишип жатканын белгиледи. «Быйыл эки алтын, бир күмүш жана бир коло медаль алып, билим деңгээлиңиздердин абдан жогору
экенин көрсөттүңүздөр. Бул аркылуу сиздер ата мекендик билим эл аралык илимде чоң
кадыр-баркка ээ экенин жана атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдедиңиздер», - деди мамлекет
башчы. Президент жаш таланттар келечекте билимдин бийик тепкичтерин багынта
беришин каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков