Астанада КЭА кеңешинин отуруму өттү

Астанада КЭА кеңешинин отуруму өттү

Казакстан элинин Ассамблеясы XXXIV сессиясын өткөрүүгө даярданууда. Ал Ассамблея үчүн юбилейлик жылда өтөт. 30 жылдыгына карата өлкөдө 400дөн ашык ири иш-чаралар өткөрүлөт. Астанада өткөн Ассамблеянын кеңешинин жыйынында парламент депутаттары, этномаданий бирикмелердин жетекчилери иштин жыйынтыктарын жана келечекке пландарды талкуулашты. «Ассамблея жаштарынын» төрагасы Тимур Жумурбаевдин айтымында, Ассамблеянын жаштар канатынын катышуучулары бүгүнкү күндө ар кандай долбоорлордун, анын ичинде эл аралык долбоорлордун генераторлору болуп саналат. Алар өсүп келе жаткан муунду өнүктүрүүгө, жумушчу жана студент жаштар менен өз ара аракеттенүү демилгелерин колдоого багытталган.

Тимур Жумурбаев, «Жастар Ассамблеясы» Республикалык Коомдук бирикмесинин төрагасы:

- Азыр студенттер жана окуучулар менен абдан чоң иш жүрүп жатат, студенттик ассамблеялар түзүлүүдө. Бул аянтчаларда биз жаштарга жаратман нерселерге аралашууга мүмкүнчүлүк беребиз. Жаштар бардык долбоорлорго интеграцияланат. «Жаштар ассамблеясы» уюмунун өзүнүн чоң планы бар - балким, бул ар кандай аймактарда, ар кандай форматтарда, жаштардын ар кандай категорияларын камтыган миңдеген иш-чаралар.

Которгон: Сезим Шейшеналиева