Актөбе облусунда гун-сармат дооруна таандык баалуу экспонат
табылды. II, IV кылымдарга таандык дөбөлөрдөн аял менен эркектин сөөгү
табылган. Көрүстөндөрдөн табылган экспонаттардын аркасында сөөк коюу
ырым-жырымдары ар кандай болгонун көрүүгө болот. Тактап айтканда, мисалы аял
киши күмүштөн жасалган спираль, мончоктордон жасалган сөйкө жана жыпар жыттуу
зат түтөтүүчү идиш, фибула, жармаштырылган чаптамасы менен бирге көмүлгөн. Ошондой
эле көрүстөндүн ортосунан казууда карапа буюмдардын сыныктары табылган. Ал эми эркек
адамдын көрүстөнү биринчисинен кыйла айырмаланат. Анын мүрзөсүнөн кумура, табак
жана сабы сөөктөн жасалган темир бычак табылган. Археологдор бул экспонаттар
жергиликтүү саясий элитанын өкүлдөрүнө таандык деп эсептешет. Белгилей кетсек,
облустун төрт районунда байыркы калктуу конуштарды жана көрүстөндөрдүн
масштабдуу казуу иштери жүрүп жатат. Анткени байыркы көрүстөндөрдүн көбү ушул
жерде топтолгон.
Аслан Мамедов, А. Маргулан атындагы археология институтунун
илимий кызматкери:
Бул гун-сарматтардын ата-бабаларынын улуу көрүстөндөрү,
ошондуктан биздин эң масштабдуу иштерибиз ушул жерде жүргүзүлөт. Бул курулуштарды,
көрүстөндөрдү изилдеп жатып, ошол кездеги көчмөндөрдүн арасында, биздин доордун
2-4-кылымдарында кандай макамга ээ болгонун билгибиз келет.
Экспедиция аяктагандан кийин көрүстөндөн табылган экспонаттарга антропологиялык талдоо жүргүзүлөт. Ошентип, изилдөөчүлөрдүн айтымында, алар гун-сармат доорундагы көчмөндөрдүн жашоосун жана маданиятын жаңылай алышат. Белгилей кетсек, Актөбе облусунун аймагында жүздөгөн эстеликтер жайгашкан, алардын айрымдары 200гө жакын объекттен турат. Археологдор дөбөлөрдү кылдат изилдеп, көмүлгөн адамдардын жайгашуу системасын жана абалын ийне-жибине чейин аныктоого ниеттенүүдө. Кийинчерээк анын жыйынтыгын чыгарып, чоң монография жазуу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков