Астанада чет өлкөдөгү казак акын-жазуучуларынын китептеринин бет ачары болду. Булар салттуу эл аралык «Улуу Талаа 2024» чыгармачылык сынагынын жеңүүчүлөрү. Көркөм адабий чыгармалар сынагына этникалык казактардан 100гө жакын арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 9 автордун эмгектери тандалып, бет ачары болду. Окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган бул поэзия жана прозалык жыйнактарды негизинен Монголия, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиянын жазуучулары жазган. Жалпысынан 2023-жылдан бери долбоордун алкагында казакстандык басмаканалардын 20га жакын китеби жарык көрдү. Бүгүнкү күндө алардын электрондук нускасы менен да таанышууга болот. Белгилей кетсек, «Улуу Талаа – 2025» эл аралык сынагына арыздарды кабыл алуу башталды.
Данияр Кадыров, «Мекендештер фонду» КЕАК президенти:
- Китептердин эң маанилүү мааниси-бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү, инсандыгыбызды, улуттук кодубузду сактап калуу үчүн атайын жаштарга ылайыкташтырылган. Бул китептерди Казакстандын ичинде акысыз таратабыз. Китепканаларга жана мектептерге беребиз. Ошондой эле сырткы боордошторубузга, кандаштарга маалымат таратып, казак тилин даңазалап, казактын рухун, ар-намысын, руханий өзгөчөлүгүн жайылтабыз.
Даулеткерей Капулы, «Казакстан жазуучулар биримдиги» РКБ Астана шаары филиалынын башчысы:
- Көркөм деңгээли, жалпы тарбиялык мааниси, мазмуну боюнча катуу текшерилет. Ошондуктан, өткөн жылы жарык көргөн китептердин сапатына жана мазмунуна эч кандай күмөн саноого болбойт деп ойлойм. Жеке мен, Казакстан жазуучулар союзунун өкүлү катары, бул долбоордун уланышын каалайм. Анткени бул долбоор биздин руханиятыбыз үчүн абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

