Астана Опера театрында «Нооруз думан» концерти өттү

Астана Опера театрында «Нооруз думан» концерти өттү

Астанада Улуу талаанын обондуу  чыгармалары жана поэзиялык чыгармалары жаңырат. «Нооруз думан» концертинин көрүүчүлөрү салттуу ырга сүңгүп киришти. Астана Опера театрынын эл аралык опера академиясынын ырчылары мыкты казак музыкалык чыгармаларын аткарышты. Ошондой эле, Орусия менен Монголиянын артисттери да жергиликтүү искусство сүйүүчүлөрүнө күтүүсүз  өнөрлөрүн тартуулашты. Алар казак тилинде лирикалык композицияларды обонго келтиришти.


Айсулу Тани, ASTANA OPERA эл аралык Опера академиясынын аткаруучу мүдүрү:


- «Нооруз Думан» концерттик программасы. Ал Астана Опера эл аралык опера академиясынын солисттеринин музыкалык саламы жана белеги болду. Бул концерттик программанын башкы максаты-Астананын угуучуларына казак ыр өнөрүн тартуулоо.


Которгон: Илгиз Жамалбеков