Дем алыш күндөрү Silk Way Star сынагынын кезектеги этабы аяктады. Бул жолу өнөрпоздор казактын элдик ырларын аткарышты. Натыйжада моңгол ырчысы Мишель Джозеф менен малайзиялык Язмин Азиз тең упай топтоп, мыкты аталды. Бири элдик ыры «Караторгайды» аткарса, экинчиси «Сүгирдин термесин» ырдап, көрүүчүлөрдү таң калтырган. Жалпы 7 этаптын жыйынтыгы боюнча моңголиялык Мишель Джозеф алдыда. Ал эми эң аз упай топтогон Кыргызстан өнөрпозу Тамга сынактан чыкты.
Тамга, Silk Way Star
катышуучусу /Кыргызстан/:
- Мен өзүмдү чындап
сынап көрдүм, программадан да, өзүмдөн да күткөнүмдү алдым. Өзүмө көңүлүм
толот, жалпысынан келечекте чоң ийгиликтерге жетем деп ойлойм. Ошондуктан бул
мен үчүн трамплин эмес, өзүмдү башка кырынан көрүү, жаңы адамдар менен таанышуу
үчүн өткөрүлгөн бир сыноо сыяктуу. Албетте, бул казак долбоору, ошондуктан Казакстанды
колдоо да мен үчүн маанилүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

