Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын 11 айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, 5 миллиард 800 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Кореянын соода жана инвестицияны илгерилетүү агенттигинин өкүлү билдирди. Аталган мезгилде эки тараптын ортосундагы сооданын көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 94%га өстү. Кореянын өлкөгө экспортунун 65 пайызын автоунаалар түзөт. Экинчи орунда телефон соодасы турат. Казакстанга 63 миллион долларлык байланыш жабдуулары алынып келинди. 53 миллион долларлык унаа тетиктери соодаланды. Ал эми күн чыгыш өлкөсүнө Казакстандын экспортунун 94%ы чийки мунайга туура келет. 4 миллиард 100 миллион долларлык кара алтын ташылды. Уран жана ферроэритмелердин ар биринин соода көлөмү 100 миллион долларды түздү.
Юн Джон Хек, Кореянын соода жана инвестицияны шыктындаруу агенттигинин филиалынын мүдүрү:
- Казакстан рыногуна кореялык компаниялар кирди. Атап айтканда, атомдук жана гидроэлектростанцияларды айтсак болот. Бул багыттагы кызматташтык ийгиликтүү өнүгөт деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков