Казакстан президентине IT тармагындагы атамекендик иштеп чыгуулар тааныштырылды

Казакстан президентине IT тармагындагы атамекендик иштеп чыгуулар тааныштырылды

Казакстанды жасалма интеллектти активдүү пайдаланууга багытталган санариптик мамлекетке айландыруу. Бул президент барган AlemAI борборунун негизги максаты. Анын базасында Tomorrow School жана Tumo Education ачылат. Миңден ашуун жаш казакстандыктар программалоо, робототехника жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча билим алышат. Ошондой эле, борбор IT-тармагындагы стартаптарды жана изилдөөлөрдү колдойт. Касым-Жомарт Токаевге атамекендик компаниялардын акыркы иштеп чыгуулары көрсөтүлдү. Алардын арасында медицина тармагындагы жаңы санариптик чечимдер, кен чыккан жерлердин «санариптик эгизи», дрондук башкаруудагы өнүгүүлөр жана казак тилиндеги биринчи тил модели – KazLLM. Мамлекет башысына чет элдик IT бизнести локалдаштыруудагы ийгиликтер тууралуу айтып беришти. Учурда дүйнөлүк IT тармагындагы башка ири корпорациялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Президент жасалма интеллекти өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашы менен бөлүшүп, Казакстандын IT тармагындагы эбегейсиз дараметин белгиледи. Ошондой эле, ал өлкөдө билимге жана инновацияга негизделген экономиканы курууну тапшырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Технологиялык жана экономикалык жактан өнүккөн өлкө болуу үчүн, биринчи кезекте, адам капиталы, санариптештирүү жана жасалма интеллект тармактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Азыркы убакта алардан айланып өтө албайсың. Азыр бүт адамзат санариптик дүйнөдө жашап жатат. Адистердин айтымында, жыл сайын жасалма интеллект технологиясынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Ошондуктан биздин алдыбызда Казакстанды Евразиядагы эң ири санариптик хаб кылуу дымактуу милдеттер турат. Санариптик өнүгүү маселелерине жаңыча көз караш керек.


Мамлекет башчысы улуттук жасалма интеллект борборун эл аралык кылууну сунуштады. Муну менен ал аймактагы жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн негизги институтуна айланмакчы. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ал өлкөнүн мыкты акылдарын бириктирип, дүйнө жүзүндөгү таланттуу иштеп чыгуучуларды тартат. Мындан тышкары, Президент институттук чөйрөнү калыптандырууну улантуу маанилүү деп эсептейт. Өкмөт 2024-2029-жылдарга жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясын кабыл алды. Мамлекет башчысы ошондой эле алдыңкы эл аралык серепчилерди тартуу менен жасалма интеллекти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды. Бул ата мекендик институттук чөйрөнү алдыңкы дүйнөлүк стандарттар менен айкалыштырууну камсыз кылат. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев тармактын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине токтолду. Анын пикири боюнча, жасалма интеллект-технологиялар заманбап эсептөө мүмкүнчүлүктөрүн талап кылат. Өкмөткө дата-борборлорду куруу үчүн ири эл аралык компанияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү тапшырылды. Дагы бир артыкчылыктуу маселе – маалыматтарды сапаттуу санариптештирүү жана иреттөө болуп саналат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Бул багыттагы комплекстүү мамиленин мисалы катары улуттук тил модели KazLLM болуп саналат. Биз жасалма интеллектти казакча ойлонууга, анализдөөгө жана сүйлөөгө үйрөттүк. Бул олуттуу жетишкендик казак тилин санариптик чөйрөдө өнүктүрүүнүн жаңы келечектерин ачат. Башталган дымактуу ишти улантуу маанилүү. Казак тилинин мультимодалдык тил моделин түзүү зарыл, ал бир эле мезгилде маалыматтардын ар кандай түрлөрүн колдоно алат. Өкмөткө бул багыттагы долбоорлорду каржылоо маселесин изилдөөнү тапшырам.


Буга кошумча президент жарандардын жасалма интеллект жаатындагы компетенциясын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. 1 жылдын ичинде 5 миллион адамга жасалма интеллект көндүмдөрүн үйрөтүү пландалууда. Мындан тышкары Касым-Жомарт Токаев жасалма интеллекттин пайдасын ар бир казакстандыкка жеткирүүнү, ошондой эле аны бардык жерде пайдалануу механизмдерин киргизүү боюнча чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырды. Мамлекет башчысы Казакстан инновация жана алдыңкы технологиялар жаатында алдыңкы позицияны ээлөөгө бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков