Астанада Казакстан элинин Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Астанада Казакстан элинин Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Астанада Казакстан элинин Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда президенттик борбордун архивинен, китепкана жана музей фонддорунан чогултулган 100гө жакын баалуу экспонаттар коюлду. Негизинен тарыхый документтер жана фото-сүрөттөр, өлкөдө жашаган ар кандай этностордун өкүлдөрүнүн улуттук кийимдеринин үлгүлөрү көрсөтүлдү. Көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчиси, коомдук уюмдун өнүгүү тарыхын баяндаса, экинчиси этностор аралык жана жалпы улуттук ынтымакты жайылтат.


Ботагөз Кайыпова, Президенттик борбордун мүдүрүнүн орун басары:

- Негизинен, бул иш-чара биздин жылдык календардагы иш-чаралардын бири. Учурда Президенттик борбордук аянтында эки көргөзмө - Ассамблеянын 30 жылдыгы белгиленди. Мына бүгүн ачылып жаткан көргөзмө жана Казакстан-Австрия сүрөтчүлөрүнүн, калем өнөрүнүн чеберлеринин көргөзмөсү бул окуяны  белгилөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков