Германияда казактын көрүнүктүү агартуучусу Ахмет Байтурсыновдун 150 жылдыгына арналган адабий кече өттү. Келген конокторго окумуштуунун жана публицисттин өмүр баянынан кызыктуу фактылар, анын чыгармаларынан үзүндүлөр камтылган даректүү тасмалар тартууланды. Иш-чарага ишкерлер, саясатчылар, диаспора өкүлдөрү, ошондой эле Германияда билим алып жаткан казакстандыктар чакырылган. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар казак окумуштуусунун азыркы казак тилин жана жазуусун өнүктүрүүдөгү ролун талкуулашты. Кечеде күү жана элдик ырлар да аткарылды. Белгилей кетсек, майрам Казакстандын Франкфурт шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен өткөрүлдү.
Ганс Цольман, жеке ишкер:
Мен бул иш-чарага катышканыма абдан кубанычтамын. Сиздердин тилиңер мага музыка сыяктуу, укканда аз да болсо түшүнгөндөй сезилет. Сиздин адабияттарыңыз ар кайсы тилдерге которулуп, ошонун аркасында дүйнө Казакстанды, маданият, каада-салт, таланттуу жазуучу жана акындарыңыз жөнүндө көбүрөөк билүүсүн каалайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков