Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында чет элдик туристтер
көчмөндөрдүн руханий жана маданий мурастары менен таанышууда. Атайын түзүлгөн
этно-шаарчада «Улуу Талаа Үнү» аттуу гала-концерт болуп өттү. Өмүрүнүн
жарымынан көбүн этностиль аспаптарына арнаган Едил Кусайыновдун өнөрү
көрүүчүлөргө кызыктуу болду. «Коркыт» этно-ансамблинин жана үйлөмө аспаптар
оркестринин коштоосунда ырдалган чыгармалар чет элдик туристтерди суктандырды. Едил
Кусайыновдун этникалык жана заманбап музыканын мотивдерин шайкеш келтирген
оригиналдуу чыгармалары да көпчүлүктүн көңүлүнө толду. Музыкант өзүнүн
концертинде керней, чоор сыяктуу элдик аспаптарды гана эмес, койдун мүйүзүн да
колдонот. Бул өзгөчө аспап менен биринчи жолу таанышкан чет элдик көрүүчүлөрдүн
кол чабуусу өзгөчө болду - дейт музыкант.
Едил Кусайынов, музыкант:
- Мен үйлөмө оркестр менен атайын ушул фестивалга,
Көчмөндөр оюндарына арнап 4 жаңы чыгарма жаздым. Ошондуктан мен ыраазы болдум.
Оркестр абдан жакшы. Концерт мыкты болуп жатат. Байыркы замандагы аспаптар азыркы
заманбап музыка менен айкалышса, ошондо гана жакшы болот. Чет элдиктер да жакшы
кабыл алып жатканын байкадым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков