Казакстанда таш дооруна таандык экспонаттар табылды

Окумуштуулар Казакстандын жер асты байыркы замандын булагы, өткөндүн сыныктары топтолгон тарыхый жер экенин көрсөткөн дагы бир сенсациялуу ачылышты табышты. Жамбыл аймагындагы «Актогай» үңкүрүнөн таш дооруна таандык калдык табылды. Окумуштуулардын айтымында, байлыкка жана сырдуу сөйкөгө толгон байыркы үңкүр адамзаттын эң алгач жашаган жерлеринин бири. Биргелешкен археологиялык экспедициянын жүрүшүндө ата мекендик жана чет элдик адистер таш сыныктарын, майда жандыктардын сөөктөрүн жана тоотекенин омурткаларын казышкан. Табылган экспонаттар боюнча атайын изилдөө жүргүзүлөт. Адистер келечекте тарыхый мааниси бар байыркы жерди ачык асман алдындагы музейге айландырышыбыз керек деген ойдо.

Куаныш Даурембеков, «Тарыхый маданий эстеликтер коругу жана калыбына келтирүү дирекциясынын мудүрү: 

- Мында чыккан алгачкы нуклеустер, сөөктөрдүн калдыктары, аспаптар, от жагылган жерлер чындыгында даана көрүнүп турат. Адистердин түшүндүргөнү боюнча илимий иштерди тереңирээк жүргүзүү зарыл.

Жакен Таймаганбетов, улуттук музейдин башкы илимий кызматкери:

- Эң кызыгы, топурактын калдыктарын алып, талдоо жасаган кезде  экспонаттар, табылган сөөктөр 23 миң жыл жерде жаткан.  Быйыл Нью-Йорк университети менен келишим түзүп, ошол жактан каржы таап, азыр Нью-Йорк университетинин студенттери менен докторанттары бул жакка келип, такшалмадан өтүп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков