«Астана Опера» театрында
Винченцо Беллининин «Капулетти жана
Монтекки» операсынын премьерасы «Опералия»
фестивалынын алкагында өттү. Эл аралык опера академиясынын коюлуму
жаш аткаруучуларды жана сахнанын таанымал чеберлерин бириктирген негизги
окуялардын бири болду. Спектаклдин режиссёру, Казакстандын эмгек сиңирген
ишмери Евгений Чайников репетиция учурунда жана премьерада артисттер толук
берилүү менен иштеп, чыгарманын маанилик жана эмоционалдык тереңдиктерин ачып
беришкенин белгиледи. Симфониялык оркестрдин музыкалык коштоосу «Курмет»
орденинин кавалери Руслан Баймурзиндин жетекчилиги астында болду. Маэстро
операнын казакстандык сахна үчүн уникалдуулугун баса белгилеп, Жульетта
менен Ромеонун дуэттериндеги сопрано менен меццо-сопранонун баштапкы үн
айкалышын сактап, партитураны заманбап реалдуулукка ылайыкташтыруу идеясынан
баш тартканын белгиледи.
Руслан Баймурзин, «Астана опера» театрынын дирижеру:
- Бул
коюлумубузда биз Ромео менен Жульеттанын
ортосундагы сүйүүнү гана эмес, бүгүнкү күндө да актуалдуу болушу мүмкүн болгон
конфликтти да козгодук. Анда саясат да, фракциялардын, үй-бүлөлөрдүн
ортосундагы кагылышуу да бар. Тилекке каршы, бул
бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу. Албетте, баарынын борборунда сүйүү турат. Мен
биздин көрүүчүлөр биздин аракеттерибизди, эмгегибизди жана кооз үндөрүбүздү
баалайт деп ишенем.
Ромео
партиясы өзгөчө вокалдык даярдыкты талап кылды. Аны жаш вокалист Василиса
Савкина аткарды. Ырдоо чеберчилигинен тышкары, ырчынын алдында актёрдук
чеберчилик менен образга кирүү милдети турду. Анын каарманы жаш жигит
болгондуктан, аткаруучу адаттагы кыймыл-аракетин, жүрүм-турумун өзгөртүүгө
аргасыз болду. Василиса ар бир репетицияда жана спектаклде эркектин образын
аң-сезимдүү түрдө кармап, аны вокалдык гана эмес, актёрдук чеберчилик менен да
жашашы керек болгонун сезди.
Василиса Савкина, Ромеонун партиясын аткаруучу:
- Беллининин «Ромео» партиясы башында драмалык меццо-сопрано үчүн жазылган. Опера ырчысы үчүн абдан чоң диапазон, меццо-сопрано үчүн 2,5 октава. Бул, албетте, чоң технологиялык даярдыкты талап кылат. Жалпысынан, бул үчүн жетиштүү убакыт керек. Мен соло бөлүктөрүн 2024-жылдын үчтүн айында эле үйрөнө баштагам. Жалпысынан музыка абдан жагымдуу, обондуу, баары сонун. Бирок бул техникалык кыйынчылыктар, албетте, роль ойнойт. Сахнада эс алуу абдан кыйын.
Спектаклдин жаратуучулары орто кылымдык доордун атмосферасын так жеткирүүнү, вокалдын, актёрдук чеберчиликтин жана визуалдык искусствонун синтези аркылуу операнын драматургиясын жандандырууну максат кылышкан.
Которгон: Назира Бегалиева

