Казакстан тарыхын тааныштырган үстөл оюну

Казакстандын тарыхын оюн аркылуу өздөштүрүү. Мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктү ата мекендик «Алтын Ордо» үстөл оюну берет. Оюндун негизи- XIV кылымдын экинчи жарымындагы окуялар, суроолорго жооптор, ошондой эле чиптер, карталар жана монеталар камтылган карталар түрүндө болот. Дагы бир өзгөчөлүгү ошол учурда колдоно турган акча жүгүртүүлөрү да пайдаланылат. Оюнчу Жошы урпагынын бир династиясын, ошондой эле тайпасын тандай алат.

Жаксылык Сабитов, тарыхчы, Эл аралык Жошы урпактарын изилдөө институтунун мүдүрү:

– Бул оюн Алтын Ордонун 1359-1381-жылдардагы мезгилин камтыйт. Анда Алтын Ордодо Улуу жарандык согуш болуп, 23 жылдын ичинде 25 хан каза таап, бийликке Токтамыш хан келип, Алтын Ордону калыбына келтире алган. Абдан  кызыктуу жагдай. Бул оюн менен такты үчүн күрөш, хандар көп болгон ички жаңжал жөнүндө да билүүгө болот. Мындан тышкары, Алтын Ордо уруулары бул күрөшкө кантип катышканын биле аласыздар. 

Альберт Асылгужин, сүрөтчү, графикалык дизайнер:

– Алгач интернеттен баарын таптым, бирок мезгилдин толук картасы жок. Батыш бөлүгү, Сибирь хандыгы бар. Андан кийин табылган материалдардын негизинде 20-30 жылга чейинки мезгилдерди бириктирдим. Негизги картаны байланыштырып, алар менен сүрөттөдүм. Андан кийин бардык бөлүгүн бири-бирине улап, толук карта жасап чыгардым.

Жаңы үстөл оюну өспүрүмдөр үчүн да, чоңдор үчүн да кызыктуу болот. Анткени ал сиздин билимиңизди оюн аркылуу жаңыртат. Келечекте билим берүүнү геймификациялоо үчүн мектептерди сунуштоо пландалууда. Бул максатта мурдагы карта менен чиптер боюнча соңку жумуштар жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, иштеп чыгуунун люкс нускасы чыгарылат. Ал эми оюндун өзү казакстандыктарга келерки жылдын башында тааныштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков