Тарыхый сүрөттөр экспозициясы

Тарыхый сүрөттөр экспозициясы

Казань шаарындагы Хазинэ улуттук өнөр галереясында атактуу татар кылкалем чебери Баки Урманченин көргөзмөсү ачылды. Айрыкча сүрөтчүнүн казак жеринде тарткан эмгектери көпчүлүккө жакты. Белгилей кетсек, Баки Урманченин чыгармачылык жолунун көбү Казакстанда өткөн. Бул мезгилде ал казак жазуучулары менен байланыш түзүп, алардын эмгектерин өз чыгармаларында колдонгон. Ал өзүнүн мыкты чыгармаларын Алматыда тарткан деген пикирлер да бар. Кылкалем чебери акын Жамбыл Жабаевдин, бийчи Шара Жиенкулованын да образдарын тарткан.

Алина Шарафутдинова, «Хазинэ» улуттук өнөр галереясынын жетекчиси:

Казак жериндеги мезгил - сүрөтчүнүн чыгармачылыгындагы эң жемиштүү мезгилдердин бири. Анткени дал ушул учурда ал өзүн сүрөтчү, жанр сүрөтчүсү катары көрсөтө алды. Ал өзүнөн монументалист талантын ачты. Биздин экспозиция да ушул мезгилдин ичинде гана жасалган эмгектер коюлган. Көргөзмөдө белгилүү сүрөтчү Шара Жиенкулованын, ошондой эле 1945-жылы тартылган «Жамбылда конокто» аттуу чоң форматтагы эмгегин көрүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков