Казакстандык белгилүү «Менин атым - Кожа» тасмасынын уландысы чыгат

Казакстандык белгилүү «Менин атым - Кожа» тасмасынын уландысы чыгат

Балалык чактын сүйүктүү каарманы Кожа көгүлтүр экранга кайтып келет. Бирок жаңы форматта. Казак жазуучусу Бердикбек Сокпакпаев менен режиссёр Абдолла Карсакбаевдин «Менин атым-Кожа» аттуу белгилүү тасмасынын уландысы чыгат. Эң кызыгы, башкы каарман 60 жыл мурунку Кожадан айырмаланбайт.


Каарманыбыздын чыныгы аты Айкын. Анын Кожага окшош экенин эң биринчи агасы байкаган. Видеого тартып, социалдык тармактарга жүктөгөн. Эми ал Кожонун ролун ойноп чыкты.


Айкын Елубай, актер:


- Мурунку замандын мыкты киносу. Образын жарата албайм деп ойлодум. Кастингден өттүк. Ошол киного тартылуу үчүн төрт жарым ай даярдандым. Актёрлукка окудум.


Тасманын авторлору мурунку тасмада толук ачыла элек жагдайлар бар экенин айтышат. Уландысын тартуудагы негизги максаттардын бири ошол идеяларды көрсөтүп, жаңы муунду маданият аркылуу билим, илим жолуна чакыруу дейт.


Садык Шеримбек, Чыгармачыл топтун жетекчиси:


- Кожанын жаңырган үнүнүн уландысы болушу керек экенин билчүбүз. Ошонун алкагында жаңы Кожаны тарттык. Эркин, колубуздан келишинче биринчи тасмада айтылбай калган, кеңири талкууга алынбаган көйгөйлөрдү бүгүнкү күндүн призмасына алып келип, ошол Кожаны берүүгө аракет кылдык.


Жаңы тасмада Кожанын бир аз улгайган чагы. Биринчи нускада 4-5-класстын мезгили баяндалса, бүгүнкү тасмада 8-9-класста окуган Кожаны көрөбүз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков