Казакстандын Кытайдагы туризм жылы өз маарасына жетти

Казакстандын Кытайдагы туризм жылы өз маарасына жетти

Казакстандын Кытайдагы туризм жылы аяктады. Буга байланыштуу Алматыда эл аралык форум өттү. Иш-чара эки өлкөнүн туризм тармагынын 300дөн ашык өкүлдөрүн чогултту. Жыл бою бизнес- жолугушуулар, ошондой эле Казакстандын маданият музейинин көргөзмөлөрү, концерттер жана бет ачарлары өткөрүлдү. Мазмундуу программанын жыйынтыгында кызматташуу боюнча 200дөн ашык келишимдерге кол коюлуп, өлкөлөр ортосунда туристтердин агымы көбөйгөндүгү байкалды. Быйылкы жылдын 10 айында республикага КЭРнан 550 миң адам келген. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 370 миңге жетти. Саякатчылардын арасында Алматы менен Бээжин суроо-талапка ээ шаарлар аталды. Эскерте кетсек, өткөн жылы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга жасаган расмий иш сапарынын алкагында 2024-жыл Кытайдагы Казакстандын туризм жылы деп жарыяланган. Алдыдагы 2025-жылы Кытайдын Казакстандагы туризм жылы өтөт.

Даниел Сержан уулу, «KAZAKH TOURISM» УК» АК башкарма төрагасынын орун басары:

- Кытайдан келген саякатчылар 50%дан ашты. Алардын саны жарым миллионго жетти. Буга ылайк, алардан түшкөн пайданын өсүшү жалпы туризм экспортунун жарым миллион долларына жетет деп эсептейбиз. Бул жыл ичинде эки өлкөнүн ортосундагы 30дан ашык иш-чаранын жыйынтыгы деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков