Астанада Ф. Оңгарсынованын 85 жылдыгына карата поэзия кечеси өттү

Астанада Ф. Оңгарсынованын 85 жылдыгына карата поэзия кечеси өттү

Быйыл казак акыны, республиканын эл жазуучусу, ата мекендик адабиятында өчпөс из калтырган инсан Фариза Оңгарсынованын туулганына 85 жыл толот. Анын калеминен чыккан ырлары, повесттери жана аңгемелери өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да популярдуу. Поэзия падышасы, ырлардын ханышасы аталган өзгөчө инсандын мааракесине карата борбор калаада өмүр жана чыгармачылыкка арналган кече өттү. Иш-чарага жазуучулар, сүрөтчүлөр, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Жаш муун акындын бай мурасы менен жакындан таанышып, ар бири руханий азыкка ээ болушту. Муну менен катар, анын чыгармаларын өз интерпретациясында окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Гүлжан Жумашева, Казак улуттук өнөр университетинин профессору:

- Кайсыл гана чыгармасын алсаңыздар да, кайсыл ырын айтсаңыздар да махабат, сезим, жаратылыш, жада калса мекенге болгон укрмат,  патриоттук сезимдер-мунун баары аны дагы эле изилдеп чыгуу керек деген ойду берет. Ошондуктан биз анын тирүү кезинде да, өзү менен аралашып жүргөн кезде да, чоң-чоң иш-чараларды өткөрдүк. Бирок азыркы музейде болуп жаткан иш-чара өтө орундуу деп айта алам. Эженин кийинки муунга бере турган, айта турган  көп нерселери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков