Казакстанда он күндүк «Ноорузнаама» иш-чарасы жыйынтыкталууда

Казакстанда он күндүк «Ноорузнаама» иш-чарасы жыйынтыкталууда

Казакстанда бүгүн Ноорузнаама декадасынын акыркы күнү белгиленүүдө. Эскерте кетсек, жалган куран айынын 14нөн 23нө чейин өлкөдө ар бир күн казак маданиятынын жана коомунун байлыгын жана көп түрдүүлүгүн чагылдырган белгилүү бир темага жана баалуулукка арналган. Ал эми 23дө Казакстанда Тазалануу күнү белгиленет. Ал экологиядагы тең салмактуулуктун жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн баяндайт. Жалпы улуттук экологиялык акция Алматыда да уюштурулду. Мегаполистин көчөлөрүнө 19 миң жаңы көчөт отургузулат. Бул башталышы гана. Жылдын аягына чейин шаар жарым миллиондон ашык дарак – жөкө дарак, шумтал, карагай жана күмүш түстүү клендер кооздойт. Ал эми 2030-жылга чейин шаарга дагы 2,5 миллион дарак жана бадал отургузуу пландаштырылууда.

Айнур Сейлхан, эколог, эл аралык серепчи:

– Клен - абдан тез өсөт жана жөнөкөй, ошондуктан ал шаардык аянттар үчүн идеалдуу. Карагай жана эмен – бул биздин «түнү-күнү чыпкаларыбыз», алар абаны жылына 12 ай тазалашат. Терек эң сонун жашыл көлөмүн берет, эгерде түксүз түрлөрүн тандасаңыз. Бирок чыныгы чемпион – жөкө дарак. Ал шаардагы абанын уулуу заттарын 99% чейин сиңире алат.

Жакан Тугельбаев, Алматы шаарынын тургуну;

– Акыркы убакта Алматы шаарында жашылдандыруу жана чоң дарактарды отургузуу боюнча абдан чоң иштер жүрүп жатканын көрүп, байкап жатам. Алматы шаарынын экологиясы жакшырып, айрыкча жайкы ысыкта дарактын көлөкөсүндө болуу жагымдуу болгонуна кубанычтамын. Дарак отургузуу келечек муун үчүн абдан маанилүү. Анткени биз дарактарды отургузабыз, ал эми анын пайдасын биздин неберелерибиз, балдарыбыз көрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков