Д. Нурпейисова атындагы казак оркестринин концерти Түркмөнстанда өттү

Д. Нурпейисова атындагы казак оркестринин концерти Түркмөнстанда өттү

Ашхабад шаарында Дина Нурпейсова атындагы казак элдик аспаптар оркестринин концерти болуп өттү. Түркмөнстандын борборунун музыкалык-драма театрынын сахнасында Абайдын белгилүү чыгармалары – «Көзүмдүн қарасы» жана «Айттым салам, Каламкас», ошондой эле көрүнүктүү казакстандык композиторлордун чыгармалары жаңырды. Талаанын классикалык музыкасы көрүүчүлөрдү толо залга чогултту. Алардын арасында дипломатиялык корпустун башчылары жана өкүлдөрү, маданият ишмерлери, борбордун тургундары жана коноктору бар. Концерт Абай Кунанбаевдин 180 жылдыгына жана Казакстан Республикасынын күнүнө арналды, ал Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достуктун жана руханий биримдиктин жаркын символу болуп калды.

Акнар Татибай Кызы, Кобызчы:

- Ыклас Дүкен уулунун «Жезкийик» - «Медная сайга» күүсүн Улуу талаанын көркү тууралуу аткарам. Биз дүйнө жүзүн кыдырабыз. Европага, Францияга бардык. Парижде, ЮНЕСКОнун штаб-кеңсесинде өнөр көрсөттүк.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков