Астанада «Опералия» эл аралык фестивалы ачылды. Маданий иш-чаранын быйылкы
өзгөчөлүгү Европа жана Азиядагы чыгармачыл жамааттары жана айрым белгилүү опера
жылдыздарынын катышуусу. Операнын мекени - Италия солисттеринин сахнага чыгышын
көптөр өзгөчө чыдамсыздык менен күттү. Ачылыш аземинде бардык катышуучулар
кызыл килемден өтүшүп, театралдаштырылган оюн-зоокторду тартуулашты. Андан
кийинки гала-концерт көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды. Жалпысынан, фестивалда
дүйнөгө белгилүү италиялык чыгармалар гана эмес, ар кайсы өлкөлөрдүн чыгармалары
да жаңырат.
Еренбек Тойкенов, «Астана опера» театрынын режиссеру:
-Айта кетсек, бул биздин улуттук опера. Анткени, биз бай
маданий мурастарыбызга чоң маани беребиз. Ошондуктан кайсы чыгармабыз болбосун,
дүйнөлүк деңгээлдеги чоң опералар менен салыштыра алабыз.
Белгилей кетсек, «Опералия» фестивалы теке
айынын 13-нө чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков