Казакстандык павильон Жапониядагы эксподо эң мыкты деп таанылды

Казакстандык павильон Жапониядагы эксподо эң мыкты деп таанылды

Казакстан Жапониядагы EXPO дүйнөлүк көргөзмөсүндө биринчи орунду ээледи. Өлкөнүн павильону Theme Development – «Көргөзмөнүн темасын ачып берүү» номинациясында эң мыкты деп табылды. Белгилей кетсек, бул категорияда 90дон ашык мамлекеттин чакан павильондору көрсөтүлгөн. Калыстар тобу ата мекендик экспозицияны ЕХРО-2025тин негизги темасы болгон «Жашообуз үчүн келечек коомун түзүү» темасын оригиналдуу жана терең ачып бергени үчүн жогору баалады. Бул тууралуу бүгүн жапон жана эл аралык маалымат каражаттары жазып жатышат. Дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында павильондо жалпысынан 9 ишкердик жана маданий иш-чара өткөрүлдү. Эң негизги жана жаркын окуялардын бири – Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына арналган Казакстандын улуттук күнү болду. Республиканын павильону иштей баштагандан бери эле коноктордун арасында чоң популярдуулукка ээ болуп, эң көп барган аянтчалардын бирине айланды. Жалпысынан жарым жылдын ичинде ага 1,5 миллион адам келди. Коноктор өлкөнүн бай маданияты, каада-салттары, тарыхы, ошондой эле Казакстандын экономикалык жана инновациялык өнүгүүсү, санариптештирүү, технология жана туруктуу өнүгүү жаатындагы жетишкендиктери менен таанышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков