«Талаа карышкырлары» тасмасы канадалык кинофестивалда жогорку баага ээ болду

«Талаа карышкырлары» тасмасы канадалык кинофестивалда жогорку баага ээ болду

Эл аралык кинофестивалдарда мыкты деп табылып, өлкөнү таанытып жаткан ата мекендик тасмалардын саны көбөйүүдө. Канадада өткөн Fantasia кинофестивалында дагы бир казак тасмасы калыстар тобу тарабынан жогору бааланды. Фестивалдын мыкты актёрлору деп «Талаа карышкырлары» тасмасында роль жараткан Берик Айтжанов менен Анна Старченко аталды. Тасма тополоңдо барымтага алынган уулун издеп жүргөн Тамара аттуу аялдын кайгылуу окуясын баяндайт. Ал детективдин жардамын сурап, анан күтүүсүз окуяларга туш болот.

Белгилей кетсек, Адилхан Ержанов тарткан «Талаа карышкырлары» тасмасы Reims polar 2024 кинофестивалында француз сынчылар ассоциациясынын байгесин жеңип алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков