Астанада «CLIMATE TALKS» эл аралык билим берүү конференциясы өттү

Астанада «CLIMATE TALKS» эл аралык билим берүү конференциясы өттү

Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу, Казакстандын көмүртек нейтралдуулугунун жолу кандай болот? Ушул жана башка айлана-чөйрөнү коргоо маселелери борбор калаада өткөн Climate talks эл аралык билим берүү конференциясында талкууланды. Ошондой эле, жыйындын алкагында жашыл долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулду. Кененирээк кабарчынын материалында.

Бул жабык бакчада өсүмдүктөрдүн 20 түрү тамыр алган. Алардын эч бири Казакстанда кездешпейт. Назарбаев университетинин студенттери экзотикалык көчөттөрдү жергиликтүү чөйрөгө ыңгайлаштыруу үстүндө иштеп жатышат. Максаты – өлкөнүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүү жана эл эс алуусуна ыңгайлуу жашыл аймактарды түзүү.

Батырхан Исенбек уулу, Долбоордун авторлорунун бири:

Мисал катары бул жерде өспөгөн Фикус Бенджамина деген даракты көрсөтсөк болот. Бул анын көчөтү. Айрыкча Астанада кышында күн шооласынын тартышгы болот. Күндүн узактыгы абдан кыска. Анын көлөмү субтропикалык жана тропикалык аймактардагы өсүмдүктөр үчүн өтө аз. Ошондуктан биз бул фитолампаларды орноттук. Алар күн баткандан күн чыкканга чейин бир нече саат иштешет. Муну менен биз күн энергиясынын жетишсиздигин чечкенге аракет кылып жатабыз. Алар автоматтык түрдө күйүп, өчүрүлөт.

Экологиялык жактан таза бетон өндүрүшүн түзүүгө толук мүмкүн. Бул ойлоп табууда аталган жогорку окуу жайынын жамааттык иши. Таштандысыз жана энергияны үнөмдөөчү өндүрүш экологиялык жактан таза геополимердик курулуш материалын өндүрүүгө багытталган.

Нуртай Кожагелди, Долбоордун авторлорунун бири:

Цементтин ордуна көмүрдү пайдалангандан кийин калган күлдү жана металл өндүрүшүнөн калган жаңгактарды колдонобуз. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, цемент дүйнөдө 7% көмүр кычкыл газын чыгарган зат. Ошондуктан биз аны алмаштыруу үчүн бул калдыктарды колдондук. Кумдун ордуна айнек жана пластик колдонобуз. Андан чыккан бетон биз курулушта колдонгон бетонго салыштырганда күчү менен бышыктыгы бирдей. Бул курулушта колдонсо болот дегенди билдирет.

Бул конференциянын алкагында иштетилген майды биодизельге айландыруу, энергия өндүрүүчү велотренажер, табигый биогумусту жасоо, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы үчүн электр монтаждоо сыяктуу жашыл долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулду. Салтка айланган жыйында, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери глобалдык жана ага ыңгайлашуу, парник газдарын чыгарууну азайтуу боюнча дүйнөдө жана Казакстанда көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Гүлмира Саргазина, Казакстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын климат боюнча долбоорлор менеджери:

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы өлкөдө бул багыттагы башка долбоорлорду ишке ашырууга катышууда. Энергиянын кайра жанма булактарын пайдалануу чөйрөсүн кеңейтүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, республиканын аймактарын мүмкүн болушунча камтуу максатында жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргелешкен иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Аймактарда жашыл экономиканы өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды жайылтуу үчүн зарыл болгон каржылык механизмдерди тартуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Казакстан өкмөтү менен мындай тыгыз өнөктөштүк жакынкы жылдарда да уланат деп ишенебиз.

Эске сала кетсек, буга байланыштуу Казакстан 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү максат кылып жатат. Ошондой эле 2050-жылга карата өлкөнүн жалпы энергия керектөөсүнүн кеминде жарымы кайра жанма жана альтернативдүү энергия булактарына тиешелүү болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков