Нур-Султанда Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин VII курултайы өтөт

Нур-Султанда Дүйнөлүк жана салттуу дин лидерлеринин VII курултайы өтөт

Нур-Султан шаарында жылдын негизги эл аралык иш-чараларынын бирине даярдык кызуу жүрүп жатат. Тогуздун айынын ортосунда бул жерде Казакстандын президентинин төрагалыгы алдында дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин жетинчи курултайы өтөт. Ага дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 130га жакын эл аралык делегация катышаары күтүлүүдө. Күтүлгөн коноктордун бири Рим папасы Франциск болот. Иш-чаранын негизги темасы – “Пандемиядан кийинки мезгилде адамзаттын руханий жана социалдык өнүгүүсүндөгү дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин ролу” деп аталат. Жолугушуулардын форматы 4 секциялык сессия түрүндө өтүп, анда катышуучулар азыркы замандын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат. Бул билим берүү жана диний агартуу, руханий-адептик баалуулуктарды чыңдоо, аялдардын ролу жана алардын социалдык абалы, ошондой эле радикалдык көрүнүштөр – экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери.

Булат Сарсенбаев, Н.Назарбаев атындагы конфессиялык жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү борборунун төрагасы:

- Конгресстин бедели, аны менен катар катышуучулардын саны өсүүдө. Менимче биздин өлкөнүн кадыр-баркы, ага ушундай иш-чараларды өткөрүүгө болгон ишеними жөнүндө айтып жатат. Мындай курултайды өткөрүүгө чындап эле укугубуз бар, тарыхта Казакстан дайыма диндердин кайчылаш жери болуп келген. Башка өлкөлөрдөн көптөгөн патриархтар, жогорку муфтийлер, чиркөөлөрдүн башчылары бар, биз сапат жагынан абдан өзгөрдүк.

 Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага дүйнөлүк маалымат каражаттары активдүү кызыгып жатат. Аны Euronews, CNN жана Al Jazeera сыяктуу ири медиа компаниялар чагылдыруусу пландалууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков