Алматы облусуна келген туристтердин саны 25 пайызга көбөйдү. Башкача айтканда, жарым жыл ичинде аймакка 530 миңден ашуун адам келген. Алатау боорундагы бермет сымал Көлсай көлүнө 110 миңден ашуун адам келди. Азыркы учурда аймактагы инфраструктура менен тейлөө жакшыртылды, туристтер үчүн бир нече маршруттар иштелип чыккан. Ошондой эле, таза абадан дем алып, жаратылыштын кайталангыс кооздугуна суктанып кайтууга болот.
Кайыпберген Муратбаев, турист:
- Бул Казакстандын Алтын Ордолорунун бири. Жаратылышта дем алуунун өзү - ырахат. Адамдын жашоосунда көптөгөн пайдалары бар. Бул Казакстандагы эң мыкты жерлердин бири дегенге болот.
Кошумчалай кетсек, Көлсайдагы этно айылда казак элинин өткөн кылымдагы турмуш-тиричилиги чагылдырылган. Анда канаттуу куштарга жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу сыяктуу өнөрлөр менен таанышууга мүмкүнчүлүк бар. Буга айрыкча чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу жогору.
Юсиф Огги, Египет өлкөсүнүн тургуну:
- Мен мындай жерде болгонума сыймыктанам. Өзүмдү өткөн кылымдарда жашаган адамдардын арасына түшкөндөй сездим. Казак элинин салт-санаасы менен тааныштым.
Быйыл Алакөлдө да туристтердин катары калың. Ал тургай сууга түшүү мезгили кызыган чакта Акши, Көктумадагы эки жүздөн ашык эсалуу комплекстеринде орун калбай калды.
Азамат Мухаметкаримов, Алматы облусттук туризм башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу:
- 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Алакөл көлүнүн жээгине 230 миң адам келген. Капчагай суу сактагычынына 250 миңдей адам, Балкаш көлүнүн жээгине 6 миңге жакын адам келген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир топ өскөндүгү байкалат. Бул көрсөткүчтөр туризм тармагынын өз калыбына келе баштаганынын өсүү динамикасын көрсөтөт.
Алматы облусунда 5 улуттук парк бар: Алтынемел, Чарын, Көлсай. Мындан тышкары, облустун түштүгүндө кышкы туристтик комплекстер иштейт. Тармактык серепчилер жыл аягына чейин Жети-Сууга келген туристтердин саны 1,4 миллионго жетерин болжошууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков