Казакстанда мугалимдер күнү эми тогуздун айынын 5де белгиленет

Казакстанда мугалимдер күнү эми тогуздун айынын 5де белгиленет

Мындан ары Мугалимдер күнү тогуздун айынын 5де белгиленет. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү тиешелүү токтом кабыл алды. Буга чейин мугалимдердин урматына арналган майрам тогуздун айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келген. Эми ал тогуздун айынын 5де дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекети тарабынан белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө ылайыкташтырылды. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Казакстанда мектепке чейинки, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү уюмдарында 556 миң мугалим эмгектенет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков