2025-жылга чейин Казакстан БУУнун электрондук өкмөт рейтингинде алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди. Серепчилер аталган максат ишке ашат деген ишенимде. Анткени 2020-жылы эле өлкөдө онлайн режиминде жеткиликтүү мамлекеттик кызматтардын үлүшү 93%га жетип, бул рейтингде 29-орунду ээлеген.
«2025-жылга карата Казакстан БУУнун электрондук өкмөт рейтингинде бери дегенде 20-орунга, B2C электрондук коммерция индексинде 50-орунга жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү индексинде 40-орунга жетишүү боюнча чоң максаттарды коюп жатат. Биз өкмөт менен консолидацияланган бизнес-коомчулуктун ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү сактоо жана өнүктүрүү менен биз ушундай амбициялуу максаттарга жете аларыбызга ишеним мол», - деп жыйынтыктады Улуттук экономика министрлигинин башчысы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков