Душанбеде гастрономиялык фестиваль болду. Мында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер палоо, дымдама, шавля, кульча, тандыр самса жана башка улуттук даамдарын коюшту. Бул жерде ашкананын көп түрдүүлүгү гана эмес, рецептердин көптүгү таң калтырды. Ашпозчулар ондогон даамдарды даярдашты, фестивалдын катышуучулары алардан ооз тийип көрдү. Белгилей кетсек, иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин улуттук ашканасын, каада-салттарын көрсөтүү максатында өткөрүлдү.