Казакстанда «Migration.enbek.kz» порталы түзүлдү. Анда өлкөгө келген чет элдик жарандарды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү каралган. «Бир терезе» принцибинде иштеген система этап-этабы менен киргизилмекчи. Тармак адистеринин айтымында, былтыр долбоорго 15 кызмат кирсе, быйыл дагы 3 кызматты кошуу мерчемделген. Үстүбүздөгү жылдан бери ыктыярдуу түрдө көчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча кызматтар электрондук форматка өткөрүлдү. Документтерди санариптик форматта тариздөөнүн натыйжасында Казакстан паспортун берүү 6 айдан 30 күнгө чейин кыскарды. Жалпысынан тышкы миграция тенденциясы кыйла позитивдүү болууда. Алсак, өткөн жылы Казакстанга 41 миңге жакын чет өлкөлүк жаран келсе, ал эми башка өлкөгө кеткен казакстандыктардын саны 11 миңден ашкан. Мамлекетке убактылуу келген чет элдиктер дагы көбөйүүдө.
Аслан Аталыков, Ички иштер министрлигинин миграция кызматы комитетинин төрагасы:
- Өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн инвестициялык жана туристтик тартымдуулугун жогорулатуу үчүн олуттуу чаралар көрүлдү. Бүгүнкү күндө 87 өлкөнүн жарандары биздин өлкөгө визасыз кире алышат. 109 өлкөнүн жарандары электрондук визаны тариздей алышат. Акыркы жылдары өлкөгө келген чет элдиктердин саны өсүүдө. Өткөн жылы мамлекетке 15 миллиондон ашык чет элдиктер кирген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миллионго көп. Быйыл Казакстанга 2,8 миллион чет элдик келери белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

