Жыйынды мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин алып барды. Ал коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди киргизүү үчүн уюм менен өз ара аракеттенүү зарылдыгын белгиледи. Комиссия ошондой эле, көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча комплекстүү пландын аткарылышын талкуулады. Анын үлүшүн азайтуу үчүн 3 жылдык пландын аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштуруу жана көрүлгөн чараларды тез арада жөнгө салуу зарылчылыгы баса белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков