Камерундун борбору Яунде шаарында режиссёр Гүлнар Сарсенованын «Нартай» трагикомедиясы көрсөтүлдү. Тасма эл аралык фестивалдын конкурстук программасына кирип, жыйынтыгында 4 түрдүү сыйлыкка ээ болду. Анын бири актерлер ролун баалаган номинация. Ошондой эле, атайын көрсөтүүлөр программасында казакстандык төрт тасма сунушталды. Анын ичинде «Менин атым Кожа» фильми бар. Келечекте Казак тасмалары Марокко, Тунис, Сенегал жана Конгонун кинотеатрларында көрсөтүлүшү мүмкүн.
Мусса Туре, режиссер, Канн фестивалынын лауреаты:
- Мен сиздердин өлкөдө тартылган «Нартай» тасмасын биринчи жолу көрдүм. Буга чейин мен казактын даректүү тасмалары менен гана тааныш болчумун. Өзүм кино адиси катары башка өлкөлөрдөн келген профессионалдардын тартуулаган иштерин көрүп, кинематографияны, кинонун тилин түшүнүүгө аракет кылдым. Өзгөчө, керемет! Таасирдүү! Тасма көрүп жатканда кино тили ушунчалык өзүнө тартып алышы мүмкүн. Ошол аркылуу тасмадагы окуянын арасында жүргөндөй сезесиң.
Андре Иванов, Франциядагы Казакстан киносу бирикмесинин президенти:
- Алар үчүн Казакстан жана Борбор Азия өлкөлөрү экзотиканы билдирет. Ошондуктан ал өзгөчө кызыгууну жаратат. Маданий дипломатия келечекте дагы уланышы керек деп ойлойм. Бул Yarha фестивалы менен өнөктөштүк кийинки жылы да уланса дейт элем. Бул Казакстандын позитивдүү имиджин жайылтууга өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков