Транскаспий транспорт багыты биргелешип өнүктүрүлөт

Транскаспий транспорт багыты биргелешип өнүктүрүлөт

Казакстан менен Грузия Транскаспий эл аралык транспорт каттамын биргелешип өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаев менен Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвилинин жолугушуусунда айтылды. Мамлекет башчысы Казакстан Түштүк Кавказ чөлкөмүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон Грузия менен ар тараптуу мамилелерди чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал эми тараптардын ортосундагы достук жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу байланыштарды бекем тереңдетүү үчүн негиз болот. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо парламенттер аралык диалог маанилүү роль ойнооруна токтолду. Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар ийгиликтүү өнүгүп жатат. Өз кезегинде Шалва Папуашвили Грузиянын Казакстан менен мамилени мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастады.

Анын айтымында, Тбилиси Астана менен ар тараптуу мамилелерди, анын ичинде транспорт-логистика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө ниеттенүүдө. Атап айтканда, ал Орто коридордун дараметин кеңейтүүгө байланыштуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков