Бүгүн Газа секторунан 92 казакстандык жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү эвакуацияланды. Алар Рафах көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу Египет аймагына өткөнүн республиканын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жарандар колонно курамында Каирге жол тартты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги казакстандыктарды эвакуациялоо этап-этабы менен жүрүп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ата мекендик дипломаттар Израилдин, Египеттин, Палестинанын улуттук администрациясынын жана башка эл аралык уюмдардын компетенттүү органдары менен ишти улантууда. Бардык казакстандыктар анклавдан Каирге жеткирилгенден кийин аларды өлкөгө кайтаруу үчүн эвакуациялоочу учак жөнөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков