Ооганстан менен өнөктөштүк Индия Океанына жол ачат

Ооганстан менен өнөктөштүк Индия Океанына жол ачат

Ооганстан менен өнөктөштүк Казакстанга Инди океанына жол ачат. Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча аймактык байланыш тобунун кезексиз отурумунда жаңы транзиттик багыттар талкууланды. Өлкөнүн деңизге чыга турган түз жолу жок. Ооганстан боюнча атайын өкүл Еркин Тукымов ата мекендик өнүмдөрдү эл аралык рынокко жеткирүү үчүн Түштүк Азия багытындагы транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү маанилүү экенин белгилейт. Бул Казакстан үчүн тышкы соодада жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ири рынок.

 Еркин Тукымов, Казакстан Республикасынын Президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү:

- Бизге Ооганстандын 45 миллиондук рыногу абдан кызыктуу. Мисалы, биздин ун, өсүмдүк майы, дары-дармектер Ооганстандын жарандары арасында чоң суроо-талапка ээ. Мындан тышкары, Казакстан деңизге чыга албаган өлкө катары Инди океанына, анын ичинде Ооганстандын аймагы аркылуу жетүүсү абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков