«Астана Операда» XIII театр сезону башталды. Көрүүчүлөргө
тартууланган биринчи спектакль улуттук искусство үчүн маанилүү болгон Ахмет
Жубанов менен Латиф Хамидинин «Абай» операсы болду. Спектаклди Silk Way Star долбоорунун
катышуучулары жана калыстар тобу көрүштү. Алар ошондой эле театрдын чыгармачыл
жамааты – опера солисттери, хор, балет, симфониялык оркестр менен жолугушту.
Чет элдик коноктор артисттердин жана музыканттардын жогорку аткаруу чеберчилигин,
ошондой эле сахна жасалгасын жана декорациясын белгилешти.
Хун Бин, «Silk Way Star»
долбоорунун калыстар тобунун мүчөсү:
- Бул менин опера театрына
биринчи жолу келишим. Албетте, биринчи көңүл бурганым – опера ырчыларынын
жогорку деңгээли болду. Оркестрдин жана дирижёрдун кесипкөйлүгү
да
таасирлентти. Менимче, баары сонун болду. Сахна да жакты – жасалгасы жана
декорациялары
ырааттуу айкалышкан.
Бул чыныгы шоу болду жана мага жакты.
Silk Way Star: долбоордун
катышуучулары менен калыстары
«Барыс
Арена»
жана «Казакконцертке» барышты
Долбоордун
катышуучулары концерттик жана хоккей сезондорунун ачылышына да катышты. «Казакконцертте» алар белгилүү казак
композиторлорунун чыгармалары, ошондой эле ата мекендик эстрада жылдыздарынын
жана жаш аткаруучуларынын чыгармачылыгы менен таанышты. Ал эми «Барыс Аренанын» трибуналарында муз
үстүндөгү кызыктуу оюн менен Астананын
«Барысынын» Челябинскинин «Тракторун» жеңгенин көрүп, тартуучу топ менен
чын ыкластан эмоциялары менен бөлүшүштү.
Мадинабону Адылова, Silk
Way Star долбоорунун катышуучусу /Өзбекстан:
- Чынын айтсам, мен биринчи
жолу хоккейдемин, биринчи жолу хоккей матчындамын жана бул абдан сонун, абдан
күчтүү болот деп күтүп жатам.
Чжан Хэ Сюань, Silk Way Star
долбоорунун катышуучусу
/Кытай:
- Мен бул хоккей матчына
абдан кубанычтамын, албетте, «Барыс» командасына күйөрмандык
кылам. Мындай маданий программаны уюштурганыңыздарга рахмат, мага «Астана Опера» театры жана «Абай» операсы, ошондой эле концерт да жакты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

