Ташкентте Абай чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды

Ташкентте Абай чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды

«Абай. Боордош элдердин мурасы». Дал ушундай аталышта Ташкентте улуу акын Абайдын чыгармачылыгына арналган көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөдө казактын салттуу турмушу, декоративдик искусствосу, живописи, графикасы, Абай жөнүндөгү басылмалар, анын чыгармалары коюлган. Көргөзмөгө келгендерге Абайдын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу видеотасма да көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, көргөзмөнүн эшиги келүүчүлөр үчүн бештин айынын 30на чейин ачык болот.

Азиз Абдухакимов, Өзбекстан Премьер-министринин орун басары, туризм жана маданий мурастар министри:

- Көргөзмөгө шаар тургундары жана коноктору өзгөчө кызыгуучулук таанытып жатат. Айрыкча жаштар арасында казактын улуу акыны Абайдын чыгармачылыгына кызыккандар көп. Бул аркылуу казак менен өзбектин достугун көрсөткүбүз келди. Менин оюмча Абайдын чыгармачылыгына, философиялык ойлоруна көз чаптырып отуруп, көргөзмөнү көргөн ар бир адам түрк дүйнөсүнүн биримдигине күбө болуп, аң-сезимине сиңирет.

Турдыкул Шаңбай, Абайдын “Жидебай-Бөрили” тарыхый-маданий жана адабий-мемориалдык корук-музейинин мүдүрү:

- Музейдин Казакстанда гана эмес, Евразияда теңдеши жок. Анткени ал беш тараптан турат. Негизи мында Абай, Мухтар Ауэзов, Шакарим, Алаш алптарынын жана 30 поэзия мектебинин өкүлдөрү, баары камтылган. Казак маданиятын дүйнөгө тааныткан биринчи адам Абай деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков