Казакстандык мугалимдер жапон студенттерине мастер-класс өткөрүштү

Бий жана улуттук стилдеги ата мекендик балет мектеби Эл аралык деңгээлде таанылып келет. Казакстандык артисттердин хореографиялык билими Европа жана Азия өлкөлөрүндө жогору бааланат. Адистер классикалык каада-салттар менен заманбап бий стилинин жаңы багыттары айкалышканын баса белгилешет. Муну жайылтуу менен жапон балет мектеби өлкөгө экинчи жыл катары менен келип, жергиликтүү мугалимдерден хореографиянын сырларын үйрөнүүдө. Педагогдор менен мугалимдерге арналган чеберчилик-сабактары  Казакстанда гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда ири адистештирилген улуттук хореография академиясында салттуу түрдө уюштурулуп турат. Бул мастер-класстарда күн чыгыш өлкөсүнүн студенттери классикалык жана элдик бийлерди үйрөнүшөт.

Бибигүл Нүсипжанов, казак улуттук хореография академиясынын ректору:

– Биз эл аралык мектептер менен кызматташабыз. Анткени бул биздин академиянын гана эмес, баарынан мурда биздин өлкөнүн кадыр-баркы. Бизде чындап сыймыктанган көп нерселер бар. Аны коомчулукка көрсөткүбүз келет. Эң негизгиси бизде күчтүү кесипкөй балет мектеби калыптанган. Биз 2018-жылдан бери Жапония өлкөсү менен тыгыз кызматташып келебиз. Айрыкча, бул өлкөдөгү "София" мектеби экендигин белгилей кетүү керек. Мына, экинчи жыл катары менен бизге Йошико Такаги балет мектеби келүүдө. 

Есиэ Нарисова, YOSHIKO TAKAGI BALLET SCHOOL мүдүрү, Жапония:

– Биз бул жерде классикалык бийдин тазалыгын үйрөнүү үчүн келдик. Мага Казакстан жана өлкөнүн борбору абдан жагат. Педагогтордун квалификациясы өтө жогору. Ошондуктан, биз жапон бийчилери бул академияда өз өнөрлөрүн көрсөтүшүн каалайбыз.

Юри Мунечика, YOSHIKO TAKAGI BALLET SCHOOL окуучусу,Жапония:

– Биз Казакстандагы бийдин сырларын жакшы билебиз. Бул жерде бизге салттуу классикалык бий стилинин негиздери үйрөтүлөт. Жапониядагы студиялар жана сахналар чакан. Казакстанда баары кенен, эркин алектенүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков