Быйыл казак жана балдар адабиятынын классиги Бердибек Сокпакбаевдин туулганына 100 жыл толду. Жазуучунун туулган күнү туулган жери, Алматы облусу, Райымбек районунда кеңири белгиленип, калемгердин эстелиги ачылды. Салтанаттуу иш-чарада Сенаттын Төрагасы Маулен Ашимбаев өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосун тапшырды. Жазуучунун казак балдар адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Анын «Балалыкка саякат», «Менин атым Кожа», «Өлгөндөр кайтып келбейт» сыяктуу теңдешсиз чыгармалары казак адабиятынын баалуу казынасына айланды. Ал эми казактын адамдык психологиясын, жан дүйнөсүн козгогон образдар чыныгы элдик баатырга айланды. Жазуучунун чыгармаларын окуп чоңойгон бир нече муундар буга ачык далил. «Жазуучунун 100 жылдыгы ЮНЕСКОнун белгилүү күндөрдүн тизмесине кирди. Бул да сөз зергерине болгон сый-урматтын белгиси», - дейт Сенаттын спикери.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
– Президентибиз бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, бардыгыңыздарга өзүнүн ысык саламын жолдоду. Элибиздин руханий багыты болгон мындай кайратмандардын ысымдарын даңазалоо –өлкөнүн жана олуттуу үзгүлтүксүздүктүн жаркын көрүнүшү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков