Түрк мамлекеттери транспорт жана логистика
тармагында бирдиктүү санариптик платформаны түзүшөт. Алматыда Түрк мамлекеттер
уюмунун Аксакалдар кеңешинин 19-жыйынында транспорт коридорлорун
санариптештирүү, жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана экономикалык
байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды. Делегаттар Түркестанда өткөн
бейформал саммиттин жыйынтыктарын талдап, түрк дүйнөсүнүн өз ара кызматташтыгын
арттырууга багытталган сунуштарын ортого салышты. Серепчилердин пикири боюнча,
мындай долбоорлор өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтөт жана транзиттик
дараметти күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Кубанычбек Өмүралиев, Түрк мамлекеттер
уюмунун баш катчысы:
– Азыркы учурда Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпы экономикасы дүйнөдө 11-орунда турат. Ички дүң өнүмүнүн көлөмү 2,5 триллионду түзөт. Ал эми өз ара соода жүгүртүү 1 триллиондон ашты. Бул жалпы сооданын болжол менен 7% түзөт. Бир нече жыл мурда бул көрсөткүч болгону 3 пайыз болгон эле. Демек, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүү жана соода байланыштары тез өнүгүп жатат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

