Саммитке даярдык

Саммитке даярдык

Казакстанда ардактуу коноктордун келишине даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Ушул жумада бир нече иш-чаралар өткөрүлөт – Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-жыйыны тогуздун айынын 13үнө белгиленген. Ага катышуу үчүн Астанага бир эле убакта 11 өлкөнүн лидерлери келет. Экинчи жыл өлкөбүз уюмга төрагалык кылууда, форумдун өзү быйыл 30 жылдыгын белгилеп жатат.

Самат Нуртаза, саясат таануучу:

- Менимче, бул кандайдыр бир жол менен чыр-чатактарды чечүү үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк болот окшойт, Астана достуктун, өлкөлөр макулдаша ала турган аренасына айланды, демек, Астанада 11 өлкөнүн катышуусу менен өтө турган бул жолугушуудан баштап Мамлекет башчылары, биз эле эмес, бүткүл дүйнө кандайдыр бир консенсуска келет деп күтүп жатат.

КМШ мамлекет башчыларынын жыйынында жогорку деңгээлдеги дипломатия маселелери да талкууланат. Тогуздун айынын он төртүндөгү “Борбор Азия-Орусия” саммитине Казакстан төрагалык кылат. Жогорку деңгээлдеги жолугушууда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Орусиянын президенттери алты тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашат. “Борбор Азия-Орусия” саммитинин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу пландалууда. Анда Евразия мейкиндигиндеги аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери каралат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков