Суу ташкынынан жапа чеккен Костанай облусунун Аркалык шаарынын тургундарына өкмөт өзүнүн өзгөчө кырдаалдар резервинен 405 миллион теңге бөлдү. Каражат комиссиянын баасына ылайык үйүн калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үй-бүлөлөргө турак жай сатып алууга жумшалат. Белгилей кетсек, Костанай облусунда суу каптоо басаңдап, кырдаал республикалык штабдын көзөмөлүндө. Үйлөрдү текшерүү иштери бир гана Костанай облусунда эмес, өзгөчө кырдаал жарыяланган өлкөнүн башка аймактарында да уланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков