Атайын
экономикалык жана индустриалдык аймактар чөйрөсүндөгү негизги өзгөрүүлөрдү Баш
мыйзамга киргизүү инвесторлордун ишенимин арттырууга жана экономикалык өсүштү
шыктандырууга багытталган. Бул тууралуу Алатау шаарын долбоорлоо жана куруу
боюнча башкы кеңешчиси Вонг Хэн Файн билдирди. Анын айтымында, өлкөлөр арасында
инвестиция үчүн күрөш күчөгөн шартта, Казакстандын Конституциясынын жаңы
долбоору бизнеске ачык-айкындуулукту жана узак мөөнөттүү салымдардын
туруктуулугун камсыздай алат. Ошондой эле, Вонг Хэн Файн инвесторлордун
көпчүлүгү мындай өзгөрүүлөрдү оң кабыл алаарын белгиледи.
Вонг Хэн Файн,
Алатау шаарын долбоорлоо боюнча Президенттин башкы кеңешчиси, «Самрук-Казына»
акционердик коомунун көз карандысыз мүдүрү:
- Конституцияда
атайын экономикалык режимдерди бекитүү системаны алда канча болжолдуу кылат.
Инвесторлор ишенимдүүлүктү жакшы көрүшөт, анткени алардын көпчүлүк салымдары
узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Алар өлкөдөгү күтүүсүз өзгөрүүлөрдү жактырышпайт,
ошондуктан эркин экономикалык аймагы Баш мыйзамга киргизүү зарыл болгон
ачык-айкындуулукту жана туруктуулукту камсыздайт, бул Казакстанга инвесторлорду
тартууга жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

