Казактын салттары менен заманбап технологияларынын айкалышы.
Казакстандык студенттер адамдарды куткарууга арналган боз үй ойлоп табышты.
Уникалдуу курулуш долбоору экстремалдык шарттарга ылайыкташтырылган жана аны
чогултуу-жыйноо оңой. Эң негизгиси, баш калкалоочу жай табияттын сырдуу
мүнөзүнө туруштук бере алат. Анын салмагы аз болгонуна карабастан, ал абдан
бышык. Бети калың кийиз менен капталган. Авторлордун айтымында, боз үйдү өзгөчө
кырдаал болгон аймакта да колдонууга болот.
Назар Кожахметов, студент:
- Диаметри 4 метр, ал эми жыйналган кезде диаметри 2 метр
болот. Ал 4 метрге толук ачылганда, ыңгайлуу жашоо үчүн ичине 3-4 кишиге чейин
бата алат. Ал эми экстремалдык кырдаал учурунда толугу менен ичиндеги энергия 8
адамды камсыз кылууга жетет.
Инновациялык модулдук турак үйдүн аянты 14 чарчы метрди
түзөт. Бирок, эң негизгиси, боз үйдүн толугу менен автономдуу болгону. Анда электр
энергиясынан тышкары, кайра жанма энергия булагы менен өндүрүлгөн жылуулук жана
суу бар. Жерге жылытуу системасы орнотулган. Ал эми күн панелдери электр
энергиясын сактап, аккумуляторлорду кубаттайт.
Бакдаулет Орынбасаров, студент:
- Күн панели аркылуу биз жарыкты ала алабыз, анын
энергиясын аккумуляторго топтойбуз. Ал эми альтернатива катары мен желдеткичти
ала алам. Күн жок кезде же шамал катуу болгондо, бизде альтернатива катары жакшы
иштейт.
Ойлоп табуунун ээлери Түштүк Казакстан педагогикалык
университетинин студенттери болуп саналат. Эми алар мобилдүү боз үйдү
жакшыртууну пландап жатышат. Бардык түзөтүүлөрдөн кийин, долбоорду реалдуу шартта
сынактан өткөрүүгө ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

